2025-жылдын 14-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине жана «Эне» кайрымдуулук фондунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Фонддун президенти, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, профессор Жыргал Канаевна Момбекова өз сөзүндө фонддун ишмердүүлүгү аркылуу 4000ден ашуун муктаж студенттерге жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи. Алардын арасында илимдин кандидаттары, аспиранттар да бар.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев фонддун студенттерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип: «Университетте 30 миң студент билим алат. Алардын арасында колдоого муктаж жаштар бар. Жыргал Канаевнага чтуденттерге көрсөткөн кайрымдуулугу жана энелик мээрими үчүн ыраазыбыз», — деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова өз сөзүндө фонддун жетекчилигин мааракеси менен куттуктап, министрлик социалдык жактан аяр катмардагы студенттерди колдоого даяр экенин билдирди.

Коомдук ишмер Роза Айтматова да фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири катары катышып, кайрымдуулук жана адамгерчилик баарынан жогору турушу керектигин белгиледи.

Иш-чара опера жылдыздары жана КУУнун талантуу студенттери катышкан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

МААЛЫМАТ:

1995-жылы Бишкек шаардык мэриясынын алдында негизделген «Эне» кайрымдуулук фонду жетим студенттерге материалдык жана моралдык жактан көмөк көрсөтүп, алардын коомго аралашуусуна жана адис катары калыптанышына көмөктөшүп келет. Учурда фонд Бишкектеги 15 жогорку окуу жайындагы 310 студентке көмөк көрсөтүүдө.

Фонд эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташат. Анын мүчөлөрү — окумуштуулар, профессорлор жана борбордогу ЖОЖдордун окутуучулары — студенттерге жардам көрсөтүү багытындагы иштерге активдүү катышып келишет.

Добавить комментарий