2025-жылдын 20-24-апрель күндөрү кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучусу Тилабердиева Сейилкан Бактыбековна академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Мирзо Улукбек атындагы Улуттук Өзбек университетине кызматтык иш сапары менен барып келди.

Сапардын негизги максаты – эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий жана академиялык кызматташууну өнүктүрүү жана түркология тармагы боюнча тажрыйба алмашуу.

Сапардын алкагында Сейилкан Бактыбековна аталган университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттеринин катышуусунда түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү тарыхчысы, илимпозу жана коомдук ишмери Ахмет Зеки Велиди Тогандын өмүрү жана илимий ишмердүүлүгүнө арналган конок лекциялар сериясын өткөрдү. Лекциялар төмөнкү темаларды камтыды: 

  • “Ahmet Zeki Velidi Togan’ın Türk halklarının tarihi ve siyaset bilimi alanındaki görüşleri”; 
  • “Ахмет Зеки Велиди Тогандын өмүр таржымалы жана тарыхка кошкон салымы”.

Лекцияларда Тогандын түрк элдеринин тарыхын изилдөөдөгү өзгөчө көз караштары, илимий мурасы жана эл аралык деңгээлдеги салымы кеңири баяндалды. Иш-чара учурунда студенттер жана окутуучулар тарабынан чоң кызыгуулар жаралып, мазмундуу талкуулар жана пикир алмашуулар болуп өттү.

Бул сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга жана билим берүү тармагындагы интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө өбөлгө болду.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы ф.и.к., доц.

Добавить комментарий