2025-жылдын 29-апрелинде юридикалык колледжде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара  болду. Иш-чарада колледждин студенттери согуш тууралуу чыгармаларды көркөм айтып, хор аткарып, сценка көрсөтүштү (окутуучу Лебедева Ольга Ивановнанын жетекчилиги менен).

Иш-чаранын максаты – студенттердин патриоттук сезимдерин ойготуу, Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучуларын, баатырлардын эмгегин урматтоо, даназалоо болду. Ошондой эле иш-чарада Бишкек шаарынын орто мектептеринин тарых мугалимдери, буга чейинки «Кыргызстандын тарыхы» боюнча өткөрүлгөн олимпиаданын жеңүүчүлөрү катышып, диплом, грамота жана баалуу белектер тапшырылды. Аны менен бирге колледждин эң алдыңкы студенттерине ардак грамоталарды таршыруу аземи болду.

(С) Мамбеталиев Р.Б. – директордун орун басары

Добавить комментарий