2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Н.Адылов менен Э.Саркыновдор кесиптик колледждин студенттерине «Баңги заттар ден-соолукка зыян» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүштү.

Кылмыштуулукту алдын алуу максатында өткөрүлгөн бул иш-чарада студенттерге бангизаттардын зыяндуулугу, л.э. көчөлөрдө жана жолдордо коомдук коопсуздукту сактоо боюнча терең маалымат берилип, жаш өспүрүмдөрдүн кызыктуу суроолоруна жооптор берилди.

(С) Касымбаева К.Ш. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий