Патриоттук жана руханий-адептик тарбиялоо алкагында кесиптик колледждин туризм багытында окуган студенттер мугалимдер менен биргеликте Чоң-Таш капчыгайында жайгашкан Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышты. Бул жерде 1938-жылдагы репрессиянын курмандыгы болгон чыгаан инсандар, өлкөнүн белгилүү мамлекеттик, жазуучу, маданият ишмерлери коюлгандыктан, бул жер кыргыз эли үчүн ыйык.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын тарыхындагы кайгылуу окуялар менен таанышып, саясий репрессиянын курмандыктарын эскерип, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Экскурсовод комплекстин жаралышы, анын архитектуралык концепциясы жана элдин тарыхый эс тутумун калыптандыруудагы мааниси тууралуу кеңири айтып берди.

Ата-Бейитке баруу өз өлкөсүнүн тарыхына болгон сый-урмат сезимин ойготуп, тынчтыктын, эркиндиктин жана адилеттүүлүктүн баалуулугун аңдоо сезимин ойготкон маанилүү окуя болду. Студенттер мындай сапарлар жарандык позицияны жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө жардам берерин белгилешти.

(С) Юсупова А.Т. – кесиптик колледждин окутуучусу

Добавить комментарий