2025-жылдын 21-28-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан университеттин 100 жылдык мааракесине карата «Котормочулардын республикалык олимпиадасынын» (студенттик программа) I-II-III туру салттуу жана онлайн (google meet) форматта ɵткɵрүлдү.
2025-жылдын 21-апрелинде Республикалык олимпиаданын I туру болуп ɵттү.
I турда салттуу түрдɵ ɵткɵн олимпиадага катышкан 10 жеӊүүчү аныкталды.
- 1. Уланова Аэлита – К.Карасаев атындагы БМУ
- 2. Тыныбекова Нурзат – К.Карасаев атындагы БМУ
- 3. Капарова Адема – К.Карасаев атындагы БМУ
- 4. Мундузбекова Саламат – И.Арабаев атындагы КМУ
- 5. Зарылбекова Медина -К.Карасаев атындагы БМУ
- 6. Бакталбек кызы Айпери – К.Карасаев атындагы БМУ
- 7. Байсбекова Дильназ – Ж.Баласагын атындагы КУУ
- 8. Омолдошова Айзуура – Ж.Баласагын атындагы КУУ
- 9. Абдыкеримова Жумайым – Ж.Баласагын атындагы КУУ
- 10. Мусабаева Сайкал – Ж.Баласагын атындагы КУУ.
I турда олимпиадага онлайн катышкан 10 жеӊүүчү аныкталды.
- 1. Замирбек кызы Нуриза – ОшМУ
- 2. Назырбекова Айсулуу – ОшМУ
- 3. Бактыбек кызы Зуура – ОшМУ
- 4. Бектенова Ажар – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл МУ
- 5. Маткеримова Назбийке – ОшМУ
- 6. Бакытбекова Медина – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл МУ
- 7. Токтосунова Айгерим – ОшМУ
- 8. Бекмаматова Элнура – ОшМУ
- 9. Огонбашева Каниет – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл МУ
- 10. Омуркулова Жылдыз – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл МУ
2025-жылдын 28-апрелинде Республикалык олимпиаданын II-III туру болуп ɵттү.
II турда салттуу (офлайн) жазуу түрүндɵ берилген текстти которуу (англис тилинен кыргыз тилине) тапшырмасы аткарылып 5 жеӊүүчү аныкталды.
- 1. Уланова Аэлита – К.Карасаев атындагы БМУ
- 2. Капарова Адема – К.Карасаев атындагы БМУ
- 3. Зарылбекова Медина – К.Карасаев атындагы БМУ
- 4. Бакталбек кызы Айпери – К.Карасаев атындагы БМУ
- 5. Мусабаева Сайкал – Ж.Баласагын атындагы КУУ
II турда онлайн (google meet форматта) жазуу жана оозеки түрүндɵ берилген текстти которуу (англис тилинен кыргыз тилине) тапшырмасы аткарылып 5 жеӊүүчү аныкталды.
- 1. Назырбекова Айсулуу – ОшМУ
- 2. Бактыбек кызы Зуура – ОшМУ
- 3. Бакытбекова Медина – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл МУ
- 4. Токтосунова Айгерим – ОшМУ
- 5. Омуркулова Жылдыз – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл МУ
III турда салттуу (офлайн) ырааттуу түрдɵ угуп которуу (англис тилинен кыргыз тилине) тапшырмасы аткарылып 3 жеӊүүчү аныкталды.
- 1-орунга К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Уланова Аэлита татыктуу болду.
- 2-орунду К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Зарылбекова Медина ээледи.
- 3-орунду Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти Мусабаева Сайкал алды.
Ал эми онлайн (google meet форматта) ɵткɵн III турда ыраттуу-синхрондук (англис тилинен кыргыз тилине) котормо тапшырмасы аткарылып 3 жеӊүүчү аныкталды.
- 1-орунга Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти Омуркулова Жылдыз татыктуу болду.
- 2-орунду Ош мамлекеттик университетинин студенти Назырбекова Айсулуу ээледи.
- 3-орунду Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти Бакытбекова Медина алды.
Аталган Республикалык олимпиадага чогулган билимдүү, аракетчил жана тилге болгон сүйүүсүн көрсөткөн студенттер котормочулук жɵндɵмдɵрүн сынап кɵрүштү. Көп тил билүү – заманбап дүйнөдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ал эми котормо – маданияттардын, элдердин жана мамлекеттердин ортосунда көпүрө болуп саналат.
Олимпиада – бул жөн гана жарыш эмес. Бул – билимди көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы досторду табууга болгон мыкты мүмкүнчүлүктɵрдүн бири.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан университеттин 100 жылдык мааракесине карата ɵткɵрүлгɵн «Котормочулардын республикалык олимпиадасынын» жабылыш аземи №5 корпустун 218-кабинети «Манас ɵргɵɵсүндɵ» болуп ɵттү.
Жабылыш аземине офлайн жана онлайн форматта: К.Карасаев атындагы БМУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Ош МУ, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл МУ жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун түркология жана котормо таануу бɵлүмүнүн «Котормо жана котормо таануу» адистигинин студенттери катышты.
Кыргыз филологиясы факультетинин деканы ф.и.к., доцент Жайлообаев Бактыбек Алманбетович болочок котормочуларга кесиптик жашоодо, окууда ийгилик каалап кийинки жылдары ɵткɵрүлүүчү олимпиадаларга байланыштуу каалоо-тилектерин жана пландарын айтты. Түкология жана котормо таануу бɵлүмүнүн башчысы ф.и.к., доцент Элебесова Бурул Бекказиевна уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирип, катышуучулардын ар бирине ийгилик, жогорку баалар жана жагымдуу таасирлерди каалады.
Катышуучулар да ɵз ыраазычылыктарын билдирип, жылуу каалоо-тилектер менен бɵлүшүштү.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы






