2025-жылдын 24-26-апрель күндөрү журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана магистранттары П.Лумумба атындагы Россиянын элдер достугу университетинин (РЭДУ) филология факультети уюштурган «Интернет тили: инсан, коом, коммуникацияя жана маданият» аталышындагы VIII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга офлайн жана онлайн форматында активдүү катышышты.
Институттун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Аалиевна Костюк конференциянын пленардык отурумуна “Кыргыз журналистикасынын калыптанышына орус тилинин тийгизген таасири” аталышындагы доклады менен чыкты. Ал өз сөзүндө кыргыз журналистикасынын калыптанышына, өнүгүшүнө, эл аралык масштабга көтөрүлүшүнө, элдер арасындагы достук мамилесин бекемдөөдө орус тилинин салымы, таасири чоң болгондугун белгиледи.
Конференциянын секциялык отурумдарында офлайн түрүндө ага окутуучулар Л.Т.Калчаева, Г.М.Алдашева докладдарын окушса, онлайн форматта профессор М.Мамбетакунов, к.ф.н., доцент К.Э.Касымалиева, ага окутуучу Ж.А.Мамышева, Э.Б.Эсенгулова кызыктуу докладдарын окушса, РЭДУ менен кызматташуунун алкагында академиялык мобилдүүлүк боюнча учурда РЭДУда окуп жатышкан 1-курстун магистранттар А.Т. Бербаева, Б.Б. Джумалиева жана «Журналистика» ББПнын 3-курсунун студенткасы Е.А.Близнюк да алгачкы илимий макалаларын окушту.
Аталган иш-чара профессордук-окутуучулук курамдын, магистранттардын, студенттердин илимий-изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мыкты тажрыйба болду.
Ш.А.Костюк баштаган ЖКИнин делегациясынын Москвага иш сапарынын алкагында 24-апрелде ММЛУнун (МГЛУ) эл аралык кызматташуулардын долбоордук кеңсесинин директору О.Г.Игорева баштаган топ менен жолугуп жаңы окуу жылына институт менен биргелешкен студенттик иш-чараларды өткөрүү, жаш окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүрдү. 25-апрелде делегация М.Ломоносов атындагы ММУнин журналистика факультетинин тарыхый имаратында болушуп, окуу процессиндеги өзгөчөлүктөр, “Моховая-9” студенттик радио жана телестудиясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ЖКИнин студенттеринин аталган телерадиостудияларда өндүрүштүк практикасын өтүү боюнча келишимдер такталды. Андан сырткары, Россия телеканалдарынын өкүлдөрү менен институттун студенттерин алардын базасында өндүрүштүк практикадан өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.







