ТКТ бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева 17-18 –апрелде Мактымкулу атындагы Түркмөн мамлекеттик университети тарабына уюштурулган «Маданий мурастарды изилдөө жана сактоодо тынчтык жана ишенимдин ролу» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык онлайн конференцияга катышты.
Конференция БУУ тарабынан “2025-жыл- Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы” деп белгилениши, Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгы жана Эл аралык маданий мурастар күнүнө арналып, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамы, окумуштуу- изилдөөчүлөр, илимий кызматкерлери жана Түркмөнстан жана чет мамлекеттердеги ЮНЕСКОнун өкүлчүлүгү жана клубдарынын кызматкерлерине багытталган.
Улук окутуучу Ф.Курамаева конференциянын «Түркмөн жана дүйнө элдеринин материалдык-руханий маданияты: жаңы багыттар жана изилдөөлөр» аттуу IV.Отурумунда «Мактымкулунун поэтикалык мурастарында ынтымак-ырашкерлик тынчтык жана ишенимдин негизи катары» (Единство как основа мира и доверия в поэтическом наследии Махтумкули) деген темада орус тилинде баяндама жасады. Түркология жана филологиянын алкагында Махтумкулу Пырагынын орду, анын ырларынын негизги мотивдери, темалары боюнча талдоолорун ортого салды. Отурумга Түркмөнстан, Кытай, Улуу Британия, Казакстан, Өзбекстан, Белоруссиядан баяндамачылар катышып, дүйнөлүк көркөм-адабий мурастар жана баалулуктар боюнча илимий изилдөөлөрүн бөлүшүштү.
Уюштуруу комитети аталган конференцияга Жусуп Баласагын атындагы КУУда уюштурулган “2.Түркологиялык окуулардын” катышуучуларынын жигердүү катышып бергендигин белгилешип, бул маанилүү иш чаранын ийгиликтүү өтүшүнө университетибиздин кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
(С) Элебесова Бурул – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, доцент


