2025-жылдын 16-апрелинде 6-окуу имаратындагы 7-дарсканасында Космонавтика күнүнө арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Иш чараны факультеттин деканы Самат Токтогонов ачып, физиктер жана космонавттар күнү Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдыгына туш келип жатканын баса белгиледи жана факультеттин жетишкендиктери, жаңы багытта ачылган кафедралар, мобилдүүлүгү (Корея, Астана ж.б.), чет өлкөлөр менен байланыштары (Япония, Россия) жана ал шаарларда биздин кадрлар катышып өткөрүлгөн семиналар боюнча маалыматтарды берди.
Андан кийинки сөз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, академик Эсенбек Мамбетакуновго берилип, ал иш-чарага катышып жаткан студенттерге, квалификациясын жогорулатууга келген мугалимдерге жана конокторго космонавтика күнү жана ага удаа келген физиктер күнү менен куттуктап, өзүнүн таалим-тарбия берүүчү накыл кептерин айтуу менен бул дүйнөдөн өткөн агайларыбыздын балдарынын келип, аталарын эскерип жатышкандыктарынын чоң тарбиялык мааниси бар экенин жана ф.-м.и.к., проф. Т.Карашев, п.и.к., проф. М.Койчуманов ж.б. окумуштуу физиктерди эскерип, жасаган эмгектерин айтып өттү. Биздин факультетте студенттерге стипендия берүү салтка айланып калгандыгына токтолду. Сөзүнүн аягында өзүнүн атынан 2 студентке Сертификаты менен стиппендия тапшырды. КР УИАнын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д., проф. Султаналиева Рая Мамакеевна да конок болуп келип 5 студентибизге өзүнүн атынан стипендия берип кетти.
Кеченин жүрүшүндө салтка айланып калган студенттерге стипендия берүү аземи улантылды. Мында раматылык агайыбыз п.и.к., проф. М.Койчумановдун балдары келип 5 студентке аталган агайыбыздын наамы менен сертификат жана стипендияларын тапшырышты. Улуу көчтү аркалай, салтты улантып факультеттин деканы С.А.Токтогонов жана кафедра башчылары ф.-м.и.к., доценттер Г.Дж.Бейшекеева, О.Абдылдаев, Ж.О.Жумабаев жана доцент Б.А.Джумабаевдер да өз стипендияларын, сертификаттары менен кошо 9 студентке беришти. Жалпысынан 21 студент стипендия, сертификаттар менен сыйланышты. Бул биздин келечек муундарыбыз жана ошондой эле агартуу тармагында иштеп жаткан окутуучуларыбыз үчүн да чоң тарбиялык мааниси бар. Адам көргөнүн жасайт дегендей бул саамалык да келечек муундарыбыз үчүн да чоң сабак болуп калат деген үмүттөбүз.
Салтанат концерттик программа менен коштолуп, келген конокторубуз да студенттерибиздин өнөрлөрүнө күбө болушуп, өз каалоо-тилектерин айтышты. Физиктер ар тараптуу өнүгүп жатканына күбө болушуп, таланттарына таазим кылып кетишти.
(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент


