2025-жылдын 15-апрель күнү башталган финалдык олимпиада алгач белгиленген номинациялар боюнча мыктыларды аныктады. Тактап айтканда: анимациялык фильмдерди кыргыз тилине которуу боюнча

“Мыкты котормо” номинациясына:

  • 1-орунду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин командасы ээлеп, 1-даражадагы диплом, белек жана  акчалай сыйлыкка ээ болушту.
  • 2-орунду Заманбап эл аралык университетинин (Жалал-Абад шаары) командасы жеңип, булар дагы 2-даражадагы диплом, белек жана  акчалай сыйлыкка ээ болушту.
  • 3-орунду Ала-Тоо эл аралык университетинин командасы артыкчылык көрсөтүп, 3-даражадагы диплом менен белек жана акчалай сыйланышты.

Ал эми “Тил билги жана кѳркѳм окуу” номинациясы боюнча:

  • 1-орун Ош мамлекекттик педагогикалык университетинин студенти Туменова Зарина 1-даражадагы диплом, белек жана акчалай сыйлыкка ээ болду.
  • 2-орун Баткен мамлекеттик университетинин студенти Эргешова Элеонора 2-даражадагы диплом, белек жана акчалай сыйлыкка ээ болду.
  • 3-орун Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУнун студенти Акылтай кызы Раиса 3-даражадагы диплом, белек жана акчалай сыйлыкка ээ болду.

Олимпиаданын калыстар тобуна ыраазычылык каты ыйгарылып, студенттердин окуусуна ийгиликтерди каалап, КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору  Н.Ишекеев иш-чараны жыйынтыктады.

(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий