2025-жылдын 15-апелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган мамлекеттик тил боюнча республикалык студенттик олимпиаданын ачылыш аземи болду.

Финалдык этап Улуттук университеттин тарыхына арналган видеоролик менен башталып, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы, калыстар тобунун төрагасы Аркарбек Мамытов куттуктоо сөзүн айтышты.

ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча проректорлору каалоо-тилектерин айткан соң, КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова катышуучуларды Олимпиаданын жүрүшү менен тааныштырып, студенттер тапшырмаларды аткарууга тарашты.

Өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда өтүп жаткан иш-чара Улуттук университеттин мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жыйынтыктоочу финалдык сынака чейин этабы баш калаада жана Ош шаарында өткөрүлгөн. Финалдык турга 12 жогорку окуу жайдын студенттери катышып, кыргыз тилинде жат жазуу, көркөм окуу жана орус тилиндеги анимациялык фильмдерди кыргыз тилине которуу багытында жогорку билим деӊгээлдерин айгинелешет. Алардын алтоо Бишкектеги окуу жайлардын студенттери, экөө Ош шаарынан, ал эми калгандары Жалал Абад, Талас жана Нарындын окуу жайларынын студенттери.

  1. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  2.  ⁠М.М.Адышов атындагы Ош технологиялык  университети
  3. Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  4. ⁠Заманбап эл аралык университети (Жалал-Абад шаары)
  5. Талас мамлекеттик университети
  6.  ⁠Нарын мамлекеттик университети
  7.  ⁠Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы
  8. Баткен мамлекеттик университети
  9. Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУ
  10. «Ала-Тоо» эл аралык университети
  11.  И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акакемиясы
  12. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетик университети.

Иш-чарага катышуучулардан тышкары жогорку окуу жайлардын профессорлук-окутуучулук курамы менен жетекчиликтеринин өкүлдөрү дагы катышууда.

Олимпиаданын мыктыларын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А.Мамытов жетектеген калыстар тобу аныктайт. Олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнө  сертификаттар, баалуу сыйлыктар жана белектер каралган. 

(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий