Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенттериОсОО «Автомаш-Радиатор» компаниясына экскурсияга барышты.

2025-жылдын 1, 2, 3, 4 жана 11-апрелинде А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун “Сапатты башкаруу” билим берүү програмассынын студенттери ага окутуучулар Джаныш кызы Махабат жана Намазбекова Жылдыздын жетекчилиги менен Бишкектеги «Автомаш-Радиатор» компаниясына экскурсияга барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер радиаторлорду өндүрүү процесси жана компаниянын иши менен таанышышты. Бул иш-чара студенттерге сапат жана өндүрүш жаатындагы теориялык билимин тереңдетүүгө, ошондой эле иш жүзүндө технологиялар менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.

Экскурсия университеттин билим берүү процессинин маанилүү бөлүгү болуп, студенттердин практикалык билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдөөгө жардам берди.

«Автомаш-Радиатор» компаниясы – айыл чарба техникаларын өндүрүү жана жеткирүү боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар компания. Кыргызстандагы белгилүү эл аралык бренддердин кеңири ассортиментин сунуштайт. Компаниянын өзүнүн логистикалык тармагы бар, ал түздөн-түз заводдордон жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

(С) Джаныш к. М. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий