2025-жылдын 15-апрель күнү социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын студенттери Ж.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болуп өткөн педагогика предмети боюнча студенттик олимпиадага катышышып 1-орунду жеңип кайтышты.
Олимпиаданын жүрүшүндө кесибин презентациялоо, педагогикалык кырдаалдарды чечүү, эске тутууну далилдөө, музыкалык номерлер жана башка багыттар боюнча студенттер күч сынашты. Келечекте бул саамалыкты улантып, жогорку окуу жайларынын ортосунда жылына студенттик олимпиадаларды өткөруп туруу иштерин жолго салуу боюнча ойлор айтылды.
(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу




