2023-жылдын 3-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан окутуучулардын кесиптик майрамына карата “Алтындан кымбат баркыңар, ардактуу эже-агайлар” аттуу концерттик программа өткөрүлдү.
Иш чара мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан жана факультет деканы Бактыбек Жайлообаевдин куттуктоо сөздөрү менен башталды. Алар факультеттин айрым окутуучуларына илимий ишинде өзгөчө эмгек кылгандыгын (кандидаттык, докторлук диссертацияларын коргогондорго) баалап, грамота тапшырышты.
Иш-чара студенттердин ыр-бий менен коштолгон программасы менен аяктады.