2023-жылдын 2-октябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында журналистика жана коммуникация институтунун быйылкы бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу жыйында институттун директору Ширин Костюк, КУУнун ардактуу профессору, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаков, Биринчи радионун жетекчиси Бактияр Тукеев куттуктоо сөздөрүн айтышып, кесип ээлерине ак жол каалашты.
Институт директору кызыл дипломдун ээси Малика Сайфутдинованы баса белгилеп, куттуктады.
Иш-чарага журналистика жана коммуникация институтунун программа жетекчилери, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Диплом тийди колуңа
Колуңарга тийип жатат диплом,
Эсте калар ушул күнкү салтанат.
Кош айтышып студенттик күндөр менен,
Бүгүн балким көзүңөрдөн жаш тамат.
Бүтүрүүчүлөр бакыт тапсын жолунан,
Калем сабы, күү түшпөсө экен колунан.
Агаргыла, көгөргүлө баарыңар,
Ак калпактуу Ала-Тоонун койнунан!
Умтул алга, уч бийикке талпынып,
Жалтанбагын, калсын тарых жазылып!
Айтматовдун катарында сенин да,
Азамат деп атың калсын аталып!
Унутпагын, журфагынды, унутпа,
Кабылбагын “жылдыз” деген ооруга.
Унутпагын, агай, эжей, уяңды,
Ак жол сага бүтүрүүчү, чаалыкпа!
Айбек Түмөнбаев – ага окутуучу