2025-жылдын 31-март күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында өткөрүлгөн Универсиадада 2-орунду ээлеген Улуттук университеттин оор атлетика боюнча курама командасын кабыл алды.
Студент спорчулардын машыктыруучусу, Москва Олимпиадасынын чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнун 4 жолку, Европанын 2 жолку, СССРдин 2 жолку чемпиону, Эмгек Кызыл Туу жана I даражадагы “Манас” ордендеринин ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Каныбек Осмоналиев Универсиаданын оор атлетика боюнча мелдештери тууралуу ректорго маалымат берип, 10 адамдан турган КУУнун курама командасы салмактык категориялар боюнча 3 алтын, 3 күмүш, 2 коло медалды утуп алып, жалпы командалык 2-орунду ээлегенин маалымдады.
Догдурбек Чонтоев курама команданын мүчөлөрүн байгелүү оруну ээлеши менен куттуктап, окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады жана Улуттук университет студенттердин мындай ийгиликтери менен сыймыктанаарын баса белгиледи.
Иш-чарага биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев катышты.
Оор атлетика боюнча КУУнун курама командасынын мүчөлөрү жана алардын ийгиликтери:
1-орун:
- Жумабай уулу Жусуп — 61 кг (юридика институту)
- Молдодосов Эмил — 89 кг (юридика институту)
- Эрмек уулу Эрбол — 109 кг (юридика институту).
2-орун:
- Кожомкул уулу Бекназар — 55 кг (юридика институту)
- Анарбаев Ислам — 96 кг (юридика институту)
- Бегала уулу Жумали — +109 кг (биология факультети).
3-орун
- Маширап ууулу Кутбек — 55 кг (компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту)
- Кыйбатбеков Дастан — 73 кг (тарых жана чөлкөм таануу институту).
4-орун
- Кенжебаев Элдос — 81 кг (дене тарбия жана спорт кафедрасы)
- Абдылдаев Тимур — 102 кг (компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту).
