Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында окуу жайдын мамлекеттик тил бөлүмү Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата республикалык олимпиада уюштурду. Бишкек шаарындагы Жогорку окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда өтүп жаткан иш чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыктын алкагында болуп, мамлекеттик тил боюнча студенттер арасындагы республикалык олимпиаданын 1-турун жыйынтыктады.
Кызуу атаандаштыкты жараткан иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Н. Ишекеев ачып берүү менен олимпиаданын ар бир катышуучусун ийгилик коштоп, мыктылар аныкталышына тилектештигин белгиледи.
Шарт боюнча республикалык олимпиадага ар бир жогорку окуу жайдан алдын ала тандоо турунан эки номинацияга өткөн үч студент күч сынашууга мүмкүнчүлүк алышкан. Иш – чаранын жүрүшүндө катышуучылар кыргыз тилинен жат жазуу, көркөм окуу жана о. э. орус тилиндеги анимациялык фильмдерди кыргыз тилине которушту. Калыстар тобун Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А. Мамытов жетектеп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекетик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери менен жогорку окуу жайлардын окутуучу-профессорлук курамынан түзүлгөн адистер мыктыларды аныкташты. Иш-чаранын жүрүшүндө «Мыкты тил билги жана көркөм окуу» номинациясы боюнча И. Арабаев атындагы КМУнун студенттеринин сахналаштырылып көрсөткөн композициялык көркөм окуусу артыкчылыкты жараткан. Башкача айтканда, алардын аткаруусундагы Жусуп Баласагындын «Кут билим» дастанынан үзүндү тартуулаганы көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып, чыгармачылык ырахатка бөлөдү. Башка окуу жайлардын студенттеринин аткарууларындагы аракеттер дагы мактоого аларлык болгонун дагы белгилей кетүү зарыл. Мунун өзү ар бир катышуучу дыкат даярдыкта келгендеринен маалымат берип турду. Муну менен бирге тилекке каршы, студенттердин жазуу иштери боюнча кемчиликтер бар болгонун дагы белгилей кетүү абзел. Учурунда аны калыстар тобунун өкүлдөрү дагы айтышып, катышуучулардын калиграфиясынын начардыгы менен жазуу иштеринин сабатуулугунун төмөн экендигин баса белгилеп өтүштү.
Ал эми олимпиаданын жыйынтыгы төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр менен аныкталды. Жалпы “Мыкты котормо” номинациясы боюнча үч окуу жайдын студенттери кийинки этапка өтүп, жыйынтыктоочу финалга жолдомо алды. Алар: Ала-Тоо эд аралык университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы.
Мындан тышкары дагы үч орун “Тил билги жана кѳркѳм окуу” номинациясы боюнча артыкчылыкты көрсөткөн студенттер жыйынтыктоочу финалга жолдомону утуп алышты.
Алар: А. Зайырбеков – Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти.
Раиса Акылтай кызы – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин студенти.
С. Бакасова – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти.
Аталган олимпиаданын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында жыйынтыкталат.
(С) Д.Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы