Бишкек мэриясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №01-10/681 катынын негизинде чыгарылган КУУнун административдик чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахуновдун буйрутмасын аткаруу максатында 2025-жылдын 29-март күнү Кыргыз улуттук университетинин айрым кызматкерлери аба ырайынын жаанчыл болгонуна карабастан ишембиликке чыгышып, №1, 3 жана 7-окуу имараттарындагы компьютердик класстарды, коридорлорду жууп-тазалашты.
Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди жабдуулар менен камсыз кылышты.








