2025-жылдын 28-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Мыкты класс жетекчи-2025” онлайн кароо-сынагынын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Сынак «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп, быйыл 4-ирет өткөрүлдү. Куттуу окуу жайдын башкы азем залы улуу кесипти аркалаган өлкөнүн эң мыкты мугалимдерине толуп, иш-чара чоң салтанат менен коштолду. Республиканын бардык облустарынан иш-чарага 170 мугалим келип катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө”, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын жүзөгө ашыруу максатында жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдыгына, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 11 жылдыгына карата И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту менен биргеликте 2025-жылдын январь-февраль-март айларында мугалимдер арасында республикалык деңгээлде уюштурулган “МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИ-2025” онлайн кароо-сынагы 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлдү.
Быйылкы жылы жалпысынан конкурска республика боюнча 189 класс жетекчи (мугалим) катышып, 174 конкурсант ат салышты. Сынакка жалпы билим берүүчү орто мектептерде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда эмгектенип жаткан интеллектуалдык потенциалы бийик, тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган мугалимдер, окутуучулар (класс жетекчилер) катышты.
Сынактын максаты:
- чыгармачыл мугалимдерди, мыкты класс жетекчилерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен мыкты мугалимдерди үлгү катары көрсөтүү;
- республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо, аларды “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруу;
- класс жетекчиликтин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу, колдоо көрсөтүү;
- тарбиялык иштин ролун күчөтүү;
- мектеп менен жогорку окуу жайдын кызматташтыгын арттыруу;
- мугалим адистерди даярдоодо биргеликте аракет жасоо.
Сынак 2 этапта 5 багыт боюнча жүргүзүлдү:
Биринчи этаптын багыттары:
- Класс жетекчилер үчүн тесттик тапшырма (40 упай).
- Тарбиялык видеосабак (50 упай). Эӊ көп упай менен бааланган алдыңкы 6 сабак “Мыкты сабак”, “Илимий сабак”, “Санарип сабак” наамына ээ болушту.
Экинчи этаптын багыттары:
- Педагогикалык кырдаалга жооп берүү (40 упай).
- Педагогика-психология боюнча тесттик тапшырма. (40 упай).
- Класс жетекчиликке байланыштуу комплекстүү тест (40 упай).
Сынактын жүрүшүндөгү ар бир тапшырма көз карандысыз калыстар тобу, редакциялык кеңеш тарабынан бааланды. Калыстардын курамы педагог-окумуштуулар, жаӊычыл, чыгармачыл мугалимдерден турду.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй наамдар жана сыйлыктар берилди:
Кароо-сынактын Баш байгеси “Мыкты класс жетекчи-2024” наамы жана баш байгени жеӊип алгандыгын тастыктаган диплом, статуетка, “Мугалим” төш белгиси жана Ж. Баласагын атындагы КУУ тарабынан көп функционалдуу принтер менен сыйланды. Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына чагылдырылат.
- 1-орун: “Мыкты класс жетекчи-2024” наамы жана I даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги (бир агай, бир эжей);
- 2-орун: “Мыкты класс жетекчи-2024” наамы жана II даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги (бир агай, бир эжей);
- 3-орун: “Мыкты класс жетекчи-2024” наамы жана III даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги (бир агай, бир эжей).
- 4-5-орун: диплом, кызыктыруучу сыйлык.
Бардык катышуучулар Ардак грамота, сертификат менен сыйланып, “Мыкты класс жетекчи-2024” титулу, футболкасы ыйгарылды.
Сынактын жыйынтыгы:
Баш байге: Календарова Канзаада Исманалиевна — 168 упай (Өзгөн районундагы Арзыбай Омүрзаков атындагы №57 орто мектебинин математика мугалими)
Эжейлер арасында:
- 1-орун: Шарипова Элиза Мусабековна — 166 упай (Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 Жалпы билим берүү инновациялык мектебинин орус тили жана адабияты мугалими)
- 2-орун: Кубанычбек кызы Айжамал — 159 упай (Тогуз-Торо району №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими)
- 3-орун: Ахмеджанова Жыпаргүл Мамыталиевна — 158 упай (Кара-Көл шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинин биология мугалими)
- 3-орун: Сүйүмбекова Гүлзада Сүйүмбековна — 157 упай (Жумгал районундага Молдокеев Асылбек атындагы орто мектебинин мугалими).
Агайлар арасында:
- 1-орун: Тейишов Нурсултан — 161 упай (Бишкек шаарындагы №93 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими орустили жана адабияты мугалими)
- 2-орун: Буларкиев Чыңгыз Кубатбекович — 135 упай (Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын физика мугалими)
- 3-орун: Осоев Баатырбек Алмаматович — 104 упай (Кара-Суу районундагы №40 Бектемир Азизов атындагы орто мектебинин физика, информатика мугалими)
- 4-орун: Табылдиева Айжамал Аскербековна — 154 упай (Нарын облусу Жумгал району Мыскал Омүрканова атындагы орто мектебинин)
- 5-орун: Күлчоро кызы Света — 151 упай (Сокулук районундагы №1мектеп-гимназиясынын физика-математика мугалими).
Кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болгондор:
- Жаназакова Гульмира Бердимуратовна — 149 упай (Лейлек районундага К.Кожояр атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими)
- Кыдырмышова Наргиза Сыдыкбековна — 148 упай (Ак-Суу районундагы М.Мамакеев атындагы жалпы орто мектебинин математика мугалими)
- Абылова Чынарбубу Токоновна — 145 упай (Бишкек шаарындагы №40 жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими)
- Сейдалиева Асель Бегалиевна — 145 упай (Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы №102 жалпы билим берүү орто мектебинин тарых мугалими)
- Юлдашева Севарниса Ойбековна — 144 упай (Лейлек районундагы “Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы” орто мектебинин жогорку, башталгыч классынын мугалими)
- Сайдалиева Канайым Жакыпбаевна — 143 упай (Лейлек районундагы К.Кожояр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими).
Тесттердин жыйынтыгы менен “Билимдүү мугалим” номинациясына ээ болгондор:
- Карабек кызы Айжамал — 150 упай (Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими)
- Чыныбаева Гулбара Жапаровна — 145 упай (Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебининтарых, адам жана коом предметинин мугалими)
- Сүйөрбек кызы Мирагүл — 143 упай (Тогуз-Торо районундагы №3 Бейше Урстөнбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин физика-математика мугалими)
- Таалайбекова Гулзар Таалайбековна — 141 упай (Ак-Суу районундагы Ж.Ашубаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жогорку, аглис тили мугалими)
- Кудайбердиева Самара Тажимаматовна — 138 упай.
Мыкты тарбиялык видеосабактар:
- Турсунбек кызы Зуура — 144 упай “Мыкты сабак” (Тогуз-Торо районундагы №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими)
- Темирбек кызы Жазгүл — 132 упай “Мыкты сабак”
- Омурова Жылдызкүл Жеңишовна — 115 упай “Мыкты сабак”
- Жаназакова Зарина Маасыдыковна — 150 упай “Илимий сабак” (Лейлек районундагы “Тогуз-Булак” орто мектебинин Башталгыс классынын мугалими)
- Үсөнова Тумара Үсөновна — 124 упай “Илимий сабак”
- Боронбаева Гүлсана Сапаралиевна — 117 упай “Илимий сабак”
- Дуйшонова Зарина Ильичовна — 140 упай “Илимий сабак”
- Абдипаттаева Дилфуза Абдипаттаевна — 144 упай “Санарип сабак” (Лейлек районундагы К.Кожояр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими)
- Кенчимова Алымкан Элдияровна — 120 упай “Санарип сабак”
- Эгембердиева Гүлмира Мажитовна — 141 упай (Бишкек шаарындагы №81 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими).
Өлкөбүздүн эң мыкты мугалимдеринин башын кошкон, иш берүүчүлөр менен болгон кызматташууну күчөткөн мындай саамалыкты куттуу университетибиздин 100 жылдык мааракесине утурлай өткөрүү ары сыймыктуу, ары кубанычтуу.
(С) Рахат Сулайманова — И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин директору, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору
Сынактын катышуучуларынын ой-пикири:
Урматтуу «Мугалим» журналынын жалпы жамааты!
Жарык дүйнөнү билим менен нурга бөлөгөн асыл сапарыңыздарга терең таазим! Сиздердин тынымсыз изденүүңүздөр, эмгегиңиздер, билимге жана агартууга болгон берилгендигиңиздер – бул мезгил агымында өчпөс чырак, коомдун руханий негизин бекемдеген асыл мурас.
Ар бир жарыялаган макалаңыздар, ар бир ой толгооңуздар – бул билим океанынын толкуну болуп, мугалимдердин акылын да, жүрөгүн да азыктандырат. Сиздер тараткан илим, тарбия жана таалим – бул коомдун келечегин нурланткан даанышмандык уңгусу. Журнал аркылуу сиздер билим берүүнүн терең сырларын ачып, жаңы муунду тарбиялоонун өзөктүү маселелерин козгоп, мугалимдердин ой жүгүртүүсүн жаңы тепкичке көтөрүп жатасыздар. Бул ишиңиздер – жөн гана маалымат берүү эмес, бул – адамзат аң-сезиминин өсүшүнө кызмат кылган ыйык милдет.
Өз ишиңиздерге болгон зор жоопкерчилигиңиздер, руханий байлыгыңыздар жана билимди жайылтууга болгон куштарлыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ак эмгек менен жасаган ар бир эмгегиңиздер коомго терең таасирин тийгизип, билим берүү тармагындагы эң сонун идеялардын өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.
Иштериңиздерге ийгилик, чыгармачылык дем жана тынымсыз өнүгүү каалайм! Билим нурун чачкан сапарыңыздар түгөнгүс болсун!
Терең урматтоо менен,
Дуйшонова Зарина Ильичовна — Бишкек шаарындагы Ленин районунун №10 кечки жана күндүзгү жалпы билим берүү мектебинин чет тили мугалими