2025-жылдын 14-мартында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор аралык универсиаданын ачылышы болуп өттү.
Ачылышына Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери андан сырткары 38 жогорку окуу жайынын студенттери катышты.
Универсиада спорттун 17 түрү боюнча өтүп жатат. Алгачкы оюндар кыз-келиндер арасында волейбол КУУнун № 6-окуу имаратынын спорт залында, тогуз коргоол № 8 – окуу имратында өтүүдө.
(C) Cанжар Турсуналиев – дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы