Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен КУУнун илимий иштер боюнча проректору Дылдаев Мирлан Муктарович Бишкек мамлекеттик университетинин ректору кызматына 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Урматтуу Мирлан Муктарович! Улуттук университеттин жамааты сизди жаңы кызмат ордуңуз менен кызуу куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайт. Жаңы бийиктиктерди багындыра бериңиз!
https://edu.gov.kg/posts/3921/