Бишкек мэриясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №01-10/681 катынын негизинде чыгарылган КУУнун административдик чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахуновдун буйрутмасын аткаруу максатында 2025-жылдын 15-март күнү Кыргыз улуттук университетинде аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча ишембилик өткөрүлдү.
Институттардын, факультеттердин, колледждердин студенттери түзүм жетекчилери менен биргеликте, ал эми жатаканда жашаган студенттер коменданттар менен чогуу өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.
Ушул эле күнү КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык табигый илимдер факультетинде “Тазаланууну өзүңдөн башта” аталышындагы ишембилик болуп өттү. Окутуучулар менен студенттер айлана чөйрөнү ирээтке келтиришип, гүлдөрдү отургузушуп, жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.
(С) Бурканидинова Хадижа – Ош шаарындагы ГТИФтин инженер-программисти




