«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык жаңы мыйзамга ылайык мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыккан ректордун 2025-жылдын 22- январындагы №40 буйругуна ылайык мониторинг боюнча түзүлгөн комиссия 2025-жылдын 4-5-март күндөрү проф. А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунда, экономиканын жогорку мектебинде, 10-мартта И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу кайра даярдоо институтунда, тарых жана чөлкөм таануу институтунда болушту.
ОМК, жумушчу программалар кыргыз тилинде даярдалган. Окумуштуулар кеңешинин, факультеттин деңгээлиндеги жыйындардын протоколдору кыргыз тилинде жазылган. Билдирүү, студенттер менен болгон ички иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылып жатканы байкалды.
Программа жетекчилери ички иш кагаздары, жумушчу программалары, илимий иштери, окуу жүгү боюнча маалымат беришип, факультетке тиешелүү дисциплиналардын стандарттары кыргыз тилинде бир гана Тарых жана чөлкөм таануу институтунун чөлкөм таануу кафедрасында бар калган түзүмдөрдө жок болуп чыкты. Программалардын окутуучу-профессордук курамынын илимий-изилдѳѳ багытында мамлекеттик тилдеги эмгектери, кесиптик багытта окуу куралдары даярдалып, аны практика жүзүндө колдонуп жатканын көрсөтүштү.
Протоколдор аралаш жазылган. Билдирүү, студенттер менен болгон ички иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылып жатканы байкалды. Бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык иштери мамлекеттик тилде жазылып, корголуп жатканы иш кагаздарынан кабар берип турду
Жаңы окуу жылына кесиптик сабактарды кыргыз тилинде окутуу, ага байланышкан окуу куралдары даярдалып жатканын билдиришти.
Буга чейин кабарлангандай мониторинг бекитилген график боюнча өткөрүлѳт.
(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы
Менеджмент жана бизнес институту





Экономиканын жогорку мектеби





Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту





Тарых жана чөлкөм таануу институту



