2025-жылдын 10-март күнү илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев Япониянын Кокушикан университетинин вице-президенти Тацуно Бунри мырза менен эл аралык борборунун директору Оотака Тошио мырзаны кабыл алды.
Жолугушууда эки университеттин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Мирлан Дылдаев япониялык меймандарга КУУнун студенттерине сабак өтүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, 3-4-апрелде өтүүчү конференцияга жана октябрь айында өтүүчү Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине чакырды.
Тацуно Бунри мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн проректорго ыраазычылык билдирип, Улуттук университеттин студенттери япониялык студенттерден айрымаланып, абдан жакшы аракет кылышаарын жана мыкты окушаарын белгиледи.
Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаменти берген маалымат боюнча, Улуттук университет Кокушикан университети менен 2006жылдан бери кызматташат. Бүгүнкү күнгө чейин КУУдан 12 бала 1 жылдык окуу программасы менен Кокушикан университетине барып, акысыз билим алып келишти, ал эми Кокушикан университетинен 4 студент КНУда 6 айлык практикасын өткөрүшкөн. Быйыл КУУнун 1 студенти 1 жылдык окууга кетти.



