2025-жылдын 7-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Япониядан келген эксперт Гаку Фунабаши КУУнун студентери менен окутуучуларына «Промышленное развитие, стратегия и японский менеджмент» деген темада лекция өттү.
Ал өнөр жайын өнүктүрүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана кошумча баалуулуктарды киргизүү боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Лектор о.э. Toyotaнын өндүрүш системасы (TPS) жана «кайдзен» концепциясы сыяктуу дүйнөгө белгилүү япон менеджментин айтып берди. Студенттер активдүү катышып суроолорду беришти, ал эми лекциянын аягында эксперт менен сүрөткө түшүштү.
КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гульбара Сыдыкова иш-чаранын аягында сөз сүйлөп, студенттерге мындай дүйнөлүк деңгээлдеги билим алуу мүмкүнчүлүгү чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ал ошондой эле, студенттер үчүн мындай билимдерди алып, өз бизнесин азыртан баштоо чоң мүмкүнчүлүк экенин айтып, университеттин колдоосу менен алар ар кандай ишкердик аракеттерин баштай алат деп билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары активдүүлүгү үчүн сертификаттарды алышты. Бул лекция студенттер үчүн жаңы билим алуу жана эл аралык кызматташтык боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
(С) Махабат Алымбекова – стартаптар жана фандрайзинг боюнча башкы адис








