2025-жылдын 7-март күнү 5-окуу имаратында “Педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асаналиевна Асипованын илимий мектеби” кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү.
Кабинеттин кире беришине тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен УИАнын корреспондент мүчөсү, профессор Эсенбек Мамбетакунов кесишип, кабинет менен таанышып чыгышты.
Ачылыш аземине арналган жыйынды социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору, Камчыбек уулу Мырзабек ачып, сөз кезегин ректор Догдурбек Чонтоевге берди.
Ректор Нурбүбү Асаналиевна 37 жылдан бери Улуттук университетте эмгектенип келатканын, 250дөн ашык илимий эмгектердин автору экенин, анын илимий жетекчилиги астында 3 доктордук жана 27 кандидаттык диссертациялар корголгонун белгилеп, жаңы ачылып жаткан илимий мектептин кабинетинде далай ийгиликтерди жарата беришине тилектеш экендигин билдирди.
Жыйынга ректораттын, башка окуу жайлардын өкүлдөрү, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучулар жамааты, о.э. Н.А.Асипованын шакирттери катышты.
(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу
