2025-жылдын 7-март күнү Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө жана КУУнун 100 жылдыгына карата уюштурулган “Аялзат – аалам ажары” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү.

Улуттук университеттин айымдарын майрамы менен ректор Догдурбек Чонтоев менен кесипик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттуктап, үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн, о.э. Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата окуу жайдын айрым айымдарына Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз улуттук университетинин сыйлыктарын тапшырышты, ал эми залда отурган бардык айымдарга жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин жаштары гүлдесте тартуулашты.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң, концерттик программа башталып, төкмө акындар Темирбек Матыбаев менен Мундузбек Борончуев, “Шаттык” бий ансамбли, ырчылар Үмүтай Абдышева, Алымкул Мамырбаев, Каныбек Закиров, Назгүл Каныбекова, Бурулча Турарбек кызы жана Айдар Жумабаев өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары

Кыргыз улуттук университетинин сыйлыктары

Иш-чаранын расмий бөлүгү

Майрамдык концерт

Добавить комментарий