2025-жылдын 18, 19, 20 февралында Ж. Баласагын ат. КУУнун башкы корпусунун санариптик технологиялар борборунда 550700 – “Педагогика” багытынын PhD докторанттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы №601 токтому менен бекитилген “Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобого” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №517 токтому менен бекитилген “Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруу жана философия доктору (PhD) / профил боюнча докторлук илимий даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобого”, ошондой эле Ж. Баласагын атындагы КУУнун “Философия доктору (PhD) / профил боюнча докторлорду даярдоо жөнүндө Ички Жобосуна” жана нормативдик-укуктук актыларга ылайык бардык талаптарды аткаргандыгына байланыштуу илимий иштер боюнча проректор М.М. Дылдаевдин 23.12.2024-ж. №568 буйругунун негизинде 3-курстун докторанттары:
- Лу Бин “Comparative study of English textbooks for senior classes in Kyrgyzstan and China”. Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбубу Асаналиевна;
- Лю Чуньхань «Сравнительное исследование содержание и методов эстетического воспитания в Китае и Кыргызстане» Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбубу Асаналиевна;
- Чжоу Сянфэн «Культурологический аспект в педагогических исследованиях КР и КНР». Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Карабалаева Гульмира Таштановна;
- Дин Цянь “Текущая ситуация и перспективы трудоустройства изучающих китайский язык в Кыргызской Республике”. Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Карабалаева Гульмира Таштановна;
- Ван Чаннин «Сравнительный анализ дизайнерского образования в вузах КНР и КР». Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Карабалаева Гульмира Таштановна
2025-жылдын 25, 27 – январындагы алдын ала коргоодо эксперттик жюрилер диссертациялык иштерди кылдаттык менен экспертизадан өткөрүп, диссертацияларды коргоого сунуштаган. Коргоо учурунда диссертациялык коргоолор жогорку денгээлде аткарылып, бардык талаптарга жооп бере тургандыгы белгиленип Ж. Баласагын ат. КУУнун PhD доктору илимий даражага татыктуу деп чечим чыгарды.
(С) Баялиева А.С. – окумуштуу катчы п.и.к., доцент









