2025-жылдын 24-февраль күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде коррупциялык жагдайларды алдын алуу боюнча факультет ичинде түзүлгөн антикоррупциялык комитеттин экинчи жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага факультет деканы Кундузгүл Базакеева, тарбия иштер боюнча декандын орун басары Ж.Сүймөнова жана студенттик кеңештин төрагасы А.Темиркулов баштаган активисттер жана группа старосталары катышты.

Жыйындын катышуучуларына “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам, Ж.Баласагын атындагы КУУнун акдемиялык чынчылдык кодекси, “Антикоррупциялык комитет” жобосу тааныштырылды. Факультет деканы К.Ж.Базакеева: “Коомдун өнүгүшүн артка тартып жаткан эң негизги фактор-бул коррупция” деп жыйын катышуучуларына кайрылып, коррупциялык элементтерди болтурбоо үчүн биргелешип аракет жасоого чакырды.

(С) Суймонова Жылдыз – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий