2025-жылдын 20-февралында 6-окуу имаратынын 126-дарсканасында физика жана электроника факультети “Эне тил” күнүнө карата иш чара өткөрүп, анда Асан Акматов менен Роза Айтматова тарабынан жазылган “Каткелди” чыгармасы талкууланды.
Кечени декандын тарбия иштери боюнча орун басары А.С.Дөөлөталиева ачты. Андан соң китептин автору Асан Акматов китептин жазылыш тарыхы, авторлордун элге берейин деген ойлору жөнүндө кенен айтып берди. Роза Айтматованын ден-соолугуна байланыштуу видеочакыруу аркылуу байланышып сүйлөштүк.
Кечеге п.и.д., проф., Кыргыз илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү Эсенбек Мамбетакунович да катышып, китептин тарбиялык мааниси жөнүндө өз оюн бөлүштү жана азыркы жаштардын бул демилгесин колдоп, технологиянын өнүккөн заманындагы азыркы жаштардын көп маалымааттуу болуп өнүп-өсүп жаткандыгына басым жасап, келечекте дагы көптөгөн алгылуу иштерди жасарына ишенерин белгилеп кетти. Жаштарга акыл-насаат, кеп-кеңештерин айтты. Кечеге окутуучулардан Мырзагулова Илимгүл, Ганыева Айнагүл, Баязова Айгүл жана менеджерибиз Шумкарбекова Ибараттар катышып, китеп менен байланыштырышып студенттерге акыл-насааттарын айтышты.
Кечени алып баруучулар Ф(б)-1-22 группасынын активисти Улан кызы Разия жана студенттер кеңешинин төрагасы Раатбеков Ринаттар студенттерден китептен алган таасирлери жөнүндө ойлорун бөлүшүүсүн сунуштады. Бир нече студент өздөрүнүн алган таасирлери менен ойлорун бөлүшүштү.
Алып баруучулар катышуучуларды төрт топко бөлүп алышып, 3 этаптан турган конкурс уюштурушту. Ал топторду “Мүрөк”, “Айтматов”, “Эродит” жана “Үмүт” деген аттар менен аташты. Анда кыска убакытта чыгармада берилген идеяларды сүрөт менен түшүндүрүү, логикалык суроо-жооптор, категорияларга бөлүнгөн суроолор боюнча конкурстар өткөрүлдү.
Кеченин аягында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент




