2025-жылдын 13-февралында география, экология жана туризм факультетинде окутуучуларын жана жетекчилерин арасында АКШ спикерлик программасынын алкагындагы маанилүү (критикалык) кендерди казып алуу боюнча презентация онлайн Zoom платформасында болуп өттү.
Презентация менен Ph.D. тоо-кен жана жер системалар инженериясы, Түштүк Дакота кен мектебинин (институтунун) профессору Андреа Брикки тааныштырды. Презентацияда АКШнын көз карашындагы мыкты тоо-кен сектору жана бул жаатта университеттердин ролу, келечектеги тоо-кен инженерлерин кантип өнүктүрүү керек жана бул багыттагы бизнес менен факультеттин байланышы талкууланды.
Мындан тышкары, студенттер менен алмашууларды уюштуруу, жумуш берүүчүлөр менен иш алып баруунун жолдору боюнча пикир алмашуу орун алды.
(С) Сатыбалдиева А.Т. – илимий иштер боюнча декандын орун басары
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

