2025-жылдын 14-февралында эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин 1-курс студенттери кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар туурулуу кеңири маалымат алуу жана мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү белгилүү тарыхый окуяларында жандары кыйылган инсандарды эскерүү жана таазим кылуу максатында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексине барып келишти.
Иш-чара жаштарга терең таасир калтырды жана Ата мекен алдындагы жоопкерчилигин жогорулатты.
(С) Мырзанаева Медина – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу




