2025-жылдын 14-февралында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун орто жалпы билим берүү программа-бөлүмү Афган согушунун аяктагандыгына 36 жыл болгонун белгиледи.

Иш-чара согушта курман болгон аскерлерди эскерүү минутасы менен башталды. 10-11-класстардын окуучулары концерттик программа уюштуруп, согуш тууралуу сценкаларды, ырларды көркөм айтып, ырдап, көрүп отурган көрүүчүлөрдүн жүрөктөрүнүн үшүгүн алып, согуш жөнүндө ойлорду келтирип, андайлар эч качан кайталанбастыгын деген үмүт менен отурушту. Балдар “Афган согушу” деген дубал гезиттерин чыгарышты.

Ошондой эле Афган согушунун аяктагандыгынын 36 жылдыгына карата 10-11-класстардын арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. 1-орун “Бийиктик”, 2-орун  “Спартандыктар”, 3-орунду “Шумкар” командалары катышып, ар кандай номинациялар боюнча да жакшы ойногон оюнчулар грамота жана баалуу белектерге ээ болушту.

(С) Бейшеналиева Бермет – ККДжКЖ институтунун башкы адиси

Добавить комментарий