Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде докторлук диссертацияларды алдын ала жана ачык коргоо, ошондой эле философия илимдеринин доктору (PHD) илимий даражасын ыйгаруу иштери уланууда.

А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунда 580200 – Менеджмент билим берүү программасынын алкагында 2024-жылдын июнь айынан 2025-жылдын февралына чейин кандидаттык диссертациялардын алдын ала коргоо иштери жүрүп жатат.

Алдын ала коргоого берилген докторлук изилдөөлөрдүн натыйжалары эң актуалдуу темаларды чагылдырат.

2025-жылдын 12-февралында А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунда 580200- Менеджмент багыты боюнча докторанттардын диссертацияларынын кезектеги коомдук коргоосу Ли Хуанхуан тарабынан «Туризмди өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын маданий мурас объекттеринин ролу» жана Ван Шуман «Көлдүн ден соолук туризми: көйгөйлөр жана өнүгүү келечеги» темасында өткөрүлдү.

Докторанттардын илимий жетекчиси э.и.к., профессор Керимкулова М.К.

Белгилей кетсек, диссертациялык изилдөөлөрдүн темалары Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу туризм тармагын өнүктүрүүгө байланыштуу болгон.

(С) Акылбекова Н. – PhD башкаруу программасынын академиялык консультанты

Добавить комментарий