2025-жылдын 17-февралында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында Улуттук университеттин 100-жылдыгына арналаган QUIZ интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча депаратменти тарабынан уюштурулган оюндун негизги максаты – билим берүү системасындагы ири кадамдарды чагылдыруу, жаштардын  чыгармачылык жана аналитикалык ой жүгүртүүлөрүн баалоо жана жаштардын өз ара ынтымагын арттыруу болду.

Интеллектуалдык таймашты КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев ачып, баардык катышуучуларга ийгилик каалоо менен, “Күчтүүлөрдүн күчтүүсү жеңсин!” деген ураан таштады.

Өз каалоо-тилектерин о.э. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык  университетинин доценти Темирбаев Бердигул, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өкүлү Сыдыков Бектурсун жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаштар жана социалдык-маданий  иштер бөлүмүнүн башчысы Айдаров Азамат айтышты.

Интеллектуалдык оюнга Бишкек шаарындагы 12 жогорку окуу жайдын командалары катышышты:

  1. “Каганат” – АДАМ университети
  2. “Мурас” – М.Рыскулов  атындагы ИИУ КЭУ
  3. “Ойлоншоу” – Кыргыз-Түрк “Манас” университети
  4. “Жаңы кыргыздар” – К.И.Скрябин атындагы КУАУ
  5. “Шерине” – И. Раззаков атындагы КМТУ
  6. “Жаштар деми” – ИСИТО
  7. “Кыраандар” – И.Арабаев атындагы КМУ
  8. “Социал-Туран” – КР ПБМА
  9. “Эгемен” – Дипломатиялык академия
  10. “Кабылан” – К.Карасаев атындагы БМУ
  11. “Эргүү” – Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ
  12. “Акылман урпак” – КР Эл аралык университети.

Акыл таймаш оюну 4 бөлүктөн туруп, Ж.Баласагын атындагы университеттин тарыхына, интеллектуалдык суроо-жооп, сырдуу куржун жана сүрөттөрдүн ичинде катылган сөздөрдү табууга арналды.

Эки жарым сааттан ашыкка созулган оюндун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • 1-орун: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Ойлоншоу” командасы
  • 2-орун: КР ПБМАнын ”Социал-Туран” командасы
  • 3-орун: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Жаӊы кыргыздар” командасы.

Калган командаларга ыраазычылык каттар жана  кызыктыруучу белектер берилди.

PS: Оюндун жүрүшүнөн тартылган сүрөттөрдү бул жактан көчүрүп алууга болот.

Добавить комментарий