2025-жылдын 18-февралында Чехиянын Карлов университетинин профессору, юридика илимдеринин доктору Айганыш Исраилова Улуттук университеттин жаш окумуштуулары, аспиранттары, PhD жана докторанттары үчүн онлайн форматта “Чехияда докторантурада окуунун жана изилдөө иштерин жүргүзүүнүн методологиясы жана изилдөөгө коюлуучу талаптар” аттуу лекция (вебинар) окуп, өзүнүн илимий тажрыйбасын катышуучулар менен бөлүштү. Сабакка 70тен ашык жаш КУУнун окумуштуу, окутуучу жана аспиранттары катышып, негизги маалыматтардан сырткары кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Вебинарды университеттин илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев ачып, лекторго жана катышуучуларга ийгилик каалоо менен мындай окутуулар жаш окумуштуулардын илимий потенциалын жана деңгээлин жогорулатууга, аларды илимге кызыктырууга жана мотивациясын күчөтүүгө багытталарын баса белгиледи. Ал ошондой эле кийинки үч жума аралыгында чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда дагы вебинарлар өтө турганын билдирди.
Белгилей кетсек, аталган вебинар 16-январда өткөн “Жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу” аттуу илимий семинардын алкагында уюштурулууда. Окутуулардын жыйынтыгында, бардык вебинарларга катышкан катышуучуларга сертификат берилмекчи.
(С) Бактыярова Азия – илимий иштер боюнча проректордун катчы-референти


