2025-жылдын 13-февраль күнү биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ректораттын жыйындар залында Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор биримдигинин (TDAB) өкүлдөрүн кабыл алды.
Аталган биримдиктин президенти, адвокат Якуп Эрикель мырза менен болгон сүйлөшүү учурунда тараптар Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор биримдиги менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы укук жана медиация тармактарында мыйзамдык жөнгө салуулар, билим берүү, практика жүргүзүү, илимий жыйналыштар жана башка укук тармактарында биргелешип иш алып баруу маселелерин талкуулашып, мекемелер арасындагы эки тараптуу келишимге кол коюшту.
Жолугушууга о.э. TDAB’дын вице-президенти, адвокат Салиха Саса, TDAB’дын башкы катчысы, адвокат Юсуф Гёзель, TDAB’дын байланыштар жана кызматташтык комитетинин төрагасы, адвокат Хавва Хаджинеджипоглу, TDAB’дын Кыргызстан боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, адвокаттар Ирфан Медет Акпынар менен Мехмет Али Баранлы, о.э. Кыргыз Республикасынын медиаторлор коомчулугунун байкоочу кеңешинин төрайымы Гулсина Кожоярова, Кыргыз Республикасынын медиаторлор коомчулугунун байкоочу кеңешинин төрайымынын орун басары Гүлнара Шайшекеева, КУУнун эл аралык байланыштар жана кызматташтык департаментинин директору Бакыт Келдибеков жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков катышты.







