2025-жылдын 13-февраль күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түштүк Кореядагы Чонбук улуттук университетинин айыл чарба жана экологиялык илимдер колледжинен келген делегацияны кабыл алды.
Аталган колледждин деканы, профессор Чой Сон Хо мырза менен болгон сүйлөшүүлөрдө тараптар эки окуу жайдын ортосундагы илим жана билим чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин талкуулашып, тиешелүү келишимге кол коюшту.
Догдурбек Чонтоев кол коюлуп жаткан келишим академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен изилдөөлөр менен билим берүү программаларын ишке ашыруу, о.э. студенттер менен профессордук-окутуучулук курамды алмашуу үчүн жаңы горизонтторду ачаарын белгиледи.
Жолугушууга Чонбук улуттук университетинин кызматкерлери Ли А Ён, Чой Юн Бин, Пак Хён Джун, Чжон Ын Кён, о.э. КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков менен биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова катышты.






