2025-жылдын 12-февралында Улуттук университеттин социалдык-гуманитардык илимдер институтунун 5 психолог-окутуучусу менен жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан даярдалган 25 ыктыярчы студенттер кечээ өрт чыккан Улуттук кардиология жана терапия борборуна барып, көмөк көрсөтүштү.

Окутуучулар ооруканада жаткан оорулуууларга психология жактан жардам беришсе, студенттер өрт учурунда эвакуацияланган оорулууларды кайра алып келип, палаталарга жайгаштырууга; диван, кроваттарды орду-ордуна коюп, кан болгон жерлерди тазалоого жардам беришип, имараттын полдорун жуушту.

(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин бөлүм башчысы

Добавить комментарий