2025-жылдын 5-февралында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучусу Н.Токоева жана институттун 2-курсунун студенттери 14-февраль – Китеп белекке берүү күнүнө карата Т.Касымбеков атындагы Борбордук китепканага Жантөрө Сурановду эскерүү кечесине барып келишти.
Аталган иш-чара акындын чыгармачылыгы жөнүндө тартылган видеофильм менен башталды. Андан кийин Ж.Сурановдун жакын санаалаштары кыргыз эл акындары Кожогелди Култегин, Жедигер Саалаев жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Фатима Абдаловалар эскеришип, акындын чыгармачылыгы, анын кыргыз поэзиясына кошкон салымы тууралуу баяндамаларды жасашты. Айта кетчү жагдай, акын Ж.Суранов өзү да ушул иш-чара өткөн Т.Касымбеков атындагы Борбордук китепканада иштеген.
Кеченин соңунда китепкананын кызматкерлери акындын ырларынан көркөм окушуп, анын чыгармалары боюнча жарык көргөн китептер менен тааныштырышты. Иш-чара акындын саптарына жазылган обондуу ырлар аткарылышы менен аяктады.
(С) С.Т. Турдубаева – социология жана социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу


