Кыргыз-кытай институтунун кытай тилчи окутуучусу Бермет Ибраимова «Эл аралык кытай тилчи мугалими» күбөлүгүнө ээ болду.

Аталган күбөлүктүн ээлери бүткүл дүйнө боюнча кытай тили мугалиминин ишмердүүлүгү менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, ал сынактын жыйынтыгы боюнча беш жылда бир жолу берилет. Бул экзаменге катышуу үчүн Пекин шаарындагы Ханьбань штаб-квартирасында катоодон өтүп, бүткүл дүйнө жүзү боюнча катышуучулар арасында бир күндө тапшырылат.

Кыргыз-кытай институтунун жамааты Бермет Муратовнаны күбөлүк алышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, ар дайым мугалимдерибиздин жетишкендиктери менен сыймыктанат жана алдыда дагы мугалимдик кесиптин бийиктиктерин багынта беришин каалайбыз!

(С) Р.Кочорбаева – ККИнин директорунун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий