2025-жылдын 7-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан биргелешкен иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара эки университеттин түрк тилин өздөштүрүп жаткан студенттер үчүн уюштурулган. Андыктан аталган иш-чарага КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттери жана КТМУнун түрк тилин өздөштүрүп жаткан даярдоо бөлүмүнүн студенттери катышышты.
Иш-чаранын алгачкы расмий бөлүгүн КТМУнун Коомчулук менен байланыш жана жарнак бөлүмүнүн башчысы доцент Абдылхаким Бахадыр Дари ачып сөздү Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин Билим берүү кеңешчиси Күршат Дулкадир мырзага берди. Сөзүндө эки элдин достугун чыңдоодо Түркология бөлүмүндө билим алып жаткан студенттердин салымы чоң болорун айтып, алар үчүн Түркология бөлүмдөрүндө билим алып жаткан студенттердин орду башкача экенин белгиледи. Андан соң КТМУнун ректору профессор Алпарслан Жейлан сөзүндө, ал ар дайым университеттин эшиги студенттер үчүн ачык экенин айтып, иш-чараны уюштуруп жаткан эки тараптын окутуучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө түрк тилиндеги “Айла” аттуу кино тасмасы көрсөтүлдү. Кино тасма түрк тилинде болду. Аталган кино тасма тарбиялык мааниси чоң болгондуктан, атайы студенттер үчүн тандалып алынган. Студенттер абдан таасирленишип, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын акырында уюштуруучулар сөз сүйлөп, студенттерге окууларына ийгилик каалап жакшы маанайда тарап кетишти.
Айта кетсек, уюштуруучулар: КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к.,доцент Бурул Элебесова, доцент Эсра Явуз Ажар, улук окутуучусу Фаризат Курамаева, окутуучу Сейилкан Тилабердиева, КТМУнун Коомчулук менен байланыш жана жарнак бөлүмүнүн башчысы доц. Абдылхаким Бахадыр Дари, тилди даярдоо бөлүмүнүн окутуучусу Сердар Ажар.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент




