2025-жылдын 10-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 15 жылдыгына арналган «Искендер Исамидиновдун окуулары: Санариптик трансформация шарттарында педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Жыйынды ПКМДИнин директору Рахат Сулайманова ачып, институттун түзүлүү тарыхы тууралуу кыскача маалымат берди жана өткөрүлүп жаткан конференцияга Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайларынын, о.э. Өзбекстан, Тажикистан жана Россиянын Алтай Республикасынын окумуштууларынан жалпысынан 103 макала келип түшкөнүн кабарлап, иш чаранын программасы жана регламенти менен тааныштырды.
Иш чара И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту тууралуу видеотасма менен башталып, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин куттуктоосу менен уланды.
Ректор аталган конференциянын КУУда өтүп жатышы бекеринен эмес экенине, анткени Улуттук университет билим берүү тармагына педагог адистерди даярдоонун башаты болуп саналаарына жана мындан 15 жыл мурда Улуттук университетте ПКМДИни ачуу эӊ туура кадам болгондугуна токтолуп, азыркы күндө Президентибиз Садыр Жапаров мугалимдерди даярдоого, алардын сапатын, социалдык абалын кыйла бийик көтөрүүгө өзгөчө көӊүл буруп, ар тараптан колдоп жатканын баса белгиледи.
– Бүгүнкү күндө ПКМДИ окуу жайыбыздагы алдыӊкы институттарынын катарында турат, – деп сөзүн улантты Догдурбек Чонтоев. – Институттун кадрдык курамынын сапаттык катышы дагы жогору. Мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасы университет тарабынан аныкталган рейтинг боюнча 1-орунга чыкты. Институтта педагогдорго арналган “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын негизделип, учурда мугалимдердин сүйүктүү басылмасына айланды. Ошондуктан, институтту мындан ары өнүктүрүүгө университет тарабынан олуттуу аракеттер көрүлөт. Жалпы билим берүү мекемелеринин 12 жылдык билим берүүгө өтүү процессинде да институттун жасай турган иштери арбын.
Ректор сөзүнүн соңунда И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун жалпы жамааты менен студенттерин 15 жылдык мааракеси менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады жана конференцияда карала турган маселелер кызуу талкууга алынып, анын жыйынтыктары менен берилген сунуштары педагогикалык адистерди даярдоонун теориясы менен практикасын жакшыртууга чоӊ салым кошооруна ишенээрин билдирди.
Андан ары конференциянын пленардык отуруму башталып, төмөндөгү баяндамалар окулду:
- Асипова Н.А. – п.и.д., жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору: “Кыргыз Республикасында педагогика багытында көп баскычтуу жогорку билим берүүнүн абалы жана келечеги”;
- Добаев К.Д. – п.и.д., профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын кесиптик билим берүүнүн проблемалары борборунун директору: “Искусственный интеллект и проблемы профессионального образования»;
- Бузаубакова К.Д. – д.п.н., профессор, заведующая кафедрой «Педагогика» Таразского университета имени М.Х.Дулати: “Модернизация высшего педагогического образования в Республике Казахстан: пути формирования цифровых компетенций будущих педагогов в коллаборативной цифровой среде”;
- Алиев Ш.А. – п.и.д, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору: “12 жылдык мектепке өтүү шартында математикалык билим берүүнү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги”;
- Алимбеков А. – п.и.д., Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн профессору: “Желаледдин Руми Мевлананын педагогикалык көз караштары жана азыркы мезгил”;
- Мадаминов Г.М. – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, п.и.к., доцент: “Заман талабындагы мугалимдерди даярдоодогу И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун эмгеги, ролу жана мааниси”.
Баяндамалар аяктаган соң, И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун жамаатын 15 жылдыгы менен көрүнүктүү педагог-окумуштуулар, окуу жайлардын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, кызматташтар, КУУнун администрациясы, профсоюздук комитети, структуралык түзүмдөрүнүн жетекчилери жана бүтүрүүчүлөр куттуктап, И.Ч.Исамидинов атындагы стипендиялар, мериянын, университеттин, профсоюздук комитетинин, “Мугалим” журналынын сыйлыктары тапшырылды.
Тыныгуудан кийин конференциянын иши төмөндөгү секцияларда уланды:
- Секция 1. Заманбап билим берүү процесстин жалпы көйгөйлөрү (модератор: п.и.д., профессор Рысбаев С.К.)
- Секция 2. Башталгыч класста билим берүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары (модератор: п.и.д., профессор Мураталиева М.А.)
- Секция 3. Гуманитардык жана филологиялык билим берүү: салттар жана инновациялар (модератор: филол.и.к., доцент Кудайбергенова З.С.)
- Секция 4. Билим берүүнүн санариптештирүү шартында табигый-математикалык дисциплиналарды окутуунун технологиялары (модератор: п.и.к., доцент Кайдиева Н.К.)
- Секция 5. Педагогикалык кесиптик билим берүүнү трансформациялоо, санариптик компетенцияларды өркүндөтүү (модератор: п.и.д., профессор Мамбетакунов У.Э.)
- Секция 6. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашыруу: зарылчылыгы жана келечеги (модератор: п.и.к., доцент Токтомаметов А.Д.)
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 15 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция институттун тарыхын чагылдырган фото-көргөзмө, институттун студенттериин стартап долбоору боюнча даярдаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана маданий программа менен коштолду.