2025-жылдын 11-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан 25-январдан 4-февралга чейин Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын педагогикалык кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн “Ден соолук» спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Сыйлыктарды мелдештердин башкы калысы, «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Москва олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев тапшырышты.
Иш чараны алып баруучулардын берген маалыматы боюнча, “Ден соолук” спартакиадасынын жыйынтыктары төмөндөгүдөй болду:
1. Волейбол
45 жаштан улуу кыз-келиндер арасында
- 1-орун: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
- 2-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
- 3-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
45 жашка чейинки кыз-келиндер арасында
- 1-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
- 2-орун: К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
- 3-орун: Кыргызстан эл аралык университети.
45 жаштан улуу эркектер арасында
- 1-орун: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
- 2-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
- 3-орун: И.К.Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медицина академиясы.
45 жашка чейинки эркектер арасында
- 1-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
- 2-орун: Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
- 3-орун: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.
2. Футзал
45 жаштан улуу эркектер арасында
- 1-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- 2-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
- 3-орун: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.
45 жашка чейинки эркектер арасында
- 1-орун: К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
- 2-орун: Кыргызстан ислам университети
- 3-орун: И.К.Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медицина академиясы.
3. Стритбол
45 жаштан улуулар арасында
- 1-орун: Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети
- 2-орун: И.К.Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медицина академиясы
- 3-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
45 жашка чейинкилер арасында
- 1-орун: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
- 2-орун: Кыргызстан эл аралык университети
- 3-орун: И.К.Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медицина академиясы.
4. Ордо
- 1-орун: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
- 2-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- 3-орун: ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясы.
5. Тогуз коргоол
Кыз-келиндер арасында
- 1-орун: Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
- 2-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
- 3-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Эркектер арасында
- 1-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- 2-орун: Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
- 3-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
6. Стол тенниси
45 жаштан улуу кыз-келиндер арасында
- 1-орун: Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
- 2-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- 3-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
45 жаштан улуу эркектер арасында
- 1-орун: ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясы
- 2-орун: Кыргызстан ислам университети
- 3-орун: Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы.
45 жашка чейинки эркектер арасында
- 1-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- 2-орун: ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясы
- 3-орун: Ала-Тоо» Эл аралык университети.
7. Шахмат
Кыз-келиндер арасында
- 1-орун: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
- 2-орун: ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясы
- 3-орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
Эркектер арасында
- 1-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- 2-орун: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
- 3-орун: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.
Иш чаранын соңунда “Ден соолук» спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Москва олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Урмат Асанбаев о.э. сыйлоо аземин өткөрүүгө шарт түзүп бергендиги үчүн Догдурбек Чонтоевге терең ыраазычылык билдирип, Улуттук университеттин эмгек жамаатын келе жаткан 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Эскерте кетсек, Спартакиаданын алкагында спорттун 7 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, аларга жалпысынан 650 адам катышкан. Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү жеңүүчүлөр жай мезгилинде Ысык-Көлдө өткөрүлүүчү республикалык спартакиадага катышуу укугуна ээ болушат.
PS: Сыйлоо аземинде тартылган сүрөттөрдү бул жактан көчүрүп алууга болот.