2025-жылдын 7-февраль күнү 6-окуу имаратындагы спорт комплексте оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын кубогу башталды. Мелдеш Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин 100-жылдыгына арналган.
Салтанаттуу ачылыш аземине КУУнун проректору Назаркул Ишекеев, факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов, оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, олимпиада чемпиону, Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясынын ардактуу президенти Каныбек Осмоналиев, оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Азамат Исабеков, “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектебинин директору Рустам Ниязалиев жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 144 спортчу (124 бала, 20 кыз) катышууда. Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат.
- Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг;
- Эркектер: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 102, 109, +109 кг.
Жеңүүчүлөргө “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
(С) Гүлзат Токонова – ФАДТжС кафедрасынын башчысынын орун басары, ага окутуучу