2025-жылдын 4-5-6-февраль күндөрү мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев баштаган жумушчу топ окуу жайдын түзүмдөрүндө мамлекеттик тилдин колдонулушун мониторинг кылууну улантты.

Алгач алар кыргыз филологиясы факультетине барышты. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилдеги окуу дисциплиналарынын саны, сапаты жана аткарылышы боюнча  кафедра башчылары  маалымат  беришти.

Кафедралардын окутуучу-профессордук курамынын илимий-изилдөө багытында мамлекеттик тилдеги эмгектери, окуу-методикалык куралдары боюнча пикир алышуу жана айрым сунуштар ортого салынды. Факультеттин кафедраларында типтүү программалар эски муунда даярдалганын, алардын жаныланган эместигин  кафедра башчылар өздөрү да моюндашты. Иш кагаздары жумушчу программасын окутуунун өзгөчөлүктөрүнө жараша жаңыртып түзүү сунуштары менен комиссия кыргыз филология факультетинин жамаатына кайрылды.

Ошол эле күнү факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы, мамлекеттик тил кафедрасында профессордук-окутуучу курам менен жолугушуу болду. Дене тарбия жана спорт кафедрасы берген маалыматына ылайык, иш кагаздары, жумушчу программалары мамлекеттик тилде даярдалганына күбө болдук. Мамлекеттик тил кафедрасы макалалар, кесиптик багытта даярдаган  окуу куралдары боюнча жакшы жетишкендиктер бар экенине күбө болдук.

2025-жылдын 6-февралында мониторинг кыргыз-кытай институтунда улантылды. Көнүлгө сыярлык иштер бар, иш кагаздары талапка жооп берет. Жолугушунун жүрүшүндө методикасы менен  технологиялары жөнүндѳ кеңири сөз болду. Төрт билим берүү программасы бар институт кыргыз- кытай маданияты боюнча чыккан окуу китептери, сөздүктөрү чыкканын, иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде жүргүзүлөрүнө күбө болдук. Ал эми лекция  кыргыз, кытай, орус тилдеринде өтүлөт. Басмадан илимий макалаларды жарыялоонун жүрүшү  жөнүндө да айрым ойлор ортого салынды.

Мониторинг график боюнча уланмакчы.

(С) Д.Мырзагулова – мамлекеттик тил секторунун башчысы

Кыргыз филологиясы факультети

Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы

Мамлекеттик тил кафедрасы

Кыргыз-кытай институту

Добавить комментарий