2025-жылдын 6-февраль күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 6-окуу имаратындагы 2-дарсканада аталган имаратта жайгашкан математика жана информатика, педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институттарынын, физика жана электроника; география, экология жана туризм, химия жана химиялык технология, биология факультеттеринин студенттик активи менен жолугушту.

Ректор сөзүнүн башында билим берүүдөгү коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекетте жана Улуттук университетте жүргүзүлүп жаткан иш чаралар, мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу кыскача маалымат берип, сайттардагы жана соцтармактардагы Улуттук университет тууралуу жазылган материалдардын баарын көрүп, окуп тураарын, андан сырткары окуу жайдын тиешелүү түзүмдөрү да маалымат даярдап беришээрин айтып, көпчүлүк маалыматтар позитивдүү нукта экенин, бирок айрымдары негатив болуп калаарын, анан эмнегедир дал ошол негатив нуктагы билдирүүгө көбүрөөк комментарий жазылаарын белгиледи жана жетекчиликтин күчү менен чечиле турган маселелердин баарына реакция жасалып, чечүүгө аракеттер болуп жатканын билдирди.

Андан ары Догдурбек Чонтоев ректор болуп келгенден берки окуу, чарба, каржы жана QS-рейтингге кирүү боюнча аткарылган иштер жана жасалып жаткан аракеттер, о.э. келечек пландар тууралуу маалымат берип, студенттердин 6-окуу имаратындагы окуу, чарба маселелерине байланышкан айрым көйгөйлөр, о.э. жатакана, стипендиянын өлчөмү, бюджеттик орундар, контракттын өсүшү, чет тилдерди деңгээлдер боюнча окутуу, жыйындар залы, лабораториялардагы приборлор ж.б.у.с. көптөгөн суроолоруна жооп берди. Студенттер о.э. Улуттук университетти өнүктүрүү, атын алыска чыгаруу боюнча сунуш-пикирлери менен каалоо-тилектерин айтышты.

Иш чараны жыйынтыктап жатып, ректор жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнүн, суроолорго ачык-айрым жооптор берилгенин, Улуттук университетти өнүктүрүү студенттердин да, окутуучулардын да, жетекчилердин да колунда экенин белгилеп, “Кыргызстандын кызыкчылыгы, Университеттин кызыкчылыгы ар бирибиздин жүрөгүбүздө туруш керек. Чогуу иштешели. Окууларыңарга ийгилик”, – деди.

Жолугушуунун соңунда математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов студенттер тарабынан көтөрүлгөн маселелерди угайын, чечейин деп келген Догдурбек Чонтоевге катышуучулардын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Жыйынга о.э. административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов, ректораттын аппарат жетекчиси Дуулат Шерик уулу, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов, география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова, химия жана химиялык технология факультетинин деканы Дилара ⁠Субанкулова жана педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директорунун орун басары Максат Сейталиев катышты.

Добавить комментарий