2025-жылдын 5-февраль күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 10-окуу имаратындагы жыйындар залында юридикалык институт жана юридикалык колледждин студенттик активи менен жолугушту.
Сөзүнүн башында ректор Улуттук университет тууралуу интернетте (фейсбук, инстаграм ж.б.) жазылган материалдардын баарын көрүп, окуп тураарын, андан сырткары окуу жайдын тиешелүү түзүмдөрү да маалымат даярдап беришээрин айтып, көпчүлүк маалыматтар позитивдүү нукта экенин, бирок “он маалымат чыкса, алардын экөөсү негатив болуп калаарын”, эмнегедир дал ошол негатив нуктагы билдирүүгө көбүрөөк комментарий жазылаарын белгиледи жана жетекчиликтин күчү менен чечиле турган маселелердин баарына реакция жасалып, чечүүгө аракеттер болуп жатканын билдирди.
Андан ары Догдурбек Чонтоев ректор болуп келгенден берки окуу, чарба, каржы жана QS-рейтингге кирүү боюнча аткарылган иштер, жасалып жаткан аракеттер жана келечек пландар тууралуу маалымат берип, студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп берди.
Иш чараны жыйынтыктап жатып, ректор жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнүн, суроолорго ачык-ачык эле жооптор берилгенин, студенттер тарабынан көтөрүлгөн маселе түп-тамыры менен чечиле турган чечим кабыл алынаарын белгилеп, окуу башкармалыгына “перемещениелердин баарын токтотууга” тапшырма берди жана студенттерди быйыл белгилене турган Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш чараларга активдүү катышууга, о.э. окуу жайдын имиджин көтөрө турган позитивдүү материалдарды чыгарып турууга үндөдү.
Жолугушуунун соңунда юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев студенттер тарабынан көтөрүлгөн маселелерди угайын, чечейин деп келип, айтылган 4 маселени жеринде чечип бергендиги үчүн Догдурбек Чонтоевге жыйындын катышуучуларынын атынан терең ыраазычылык билдирди.
Жыйынга о.э. административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов, ректораттын аппарат жетекчиси Дуулат Шерик уулу, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов жана юридикалык колледждин директору Данияр Джумалиев катышты.