2025-жылдын 5-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Коомдук фонддун уставы Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өттү.
Аталган Фонддун уюштуруучусу – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, максаттары: финансылоонун кошумча булактарын тартуу, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттар үчүн демөөрчүлүк, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетке көмөк көрсөтүү; чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу ж.б.у.с.
(C) К.Ж.Базакеева – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Коомдук фонддун башкармалыгынын төрайымы
