Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата жарыяланган “100 жылдыкка 100 кабинет” долбоорунун алкагындагы алгачкы кабинет 2025-жылдын 31-январь күнү кесиптик колледжде ачылды.
Дарскананын кире беришине тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов кесишип, кабинет менен таанышып чыгышты. Ректор тушоосу кесилип жаткан “Кыргыз адабияты” кабинети – Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата жарыяланган “100 жылдыкка 100 кабинет” долбоорунун алкагында ачылып жаткан алгачкы кабинет экенин белгилеп, жетекчиликтин атынан колледждин эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди жана ийгиликтерди каалады.
Дарсканада кыргыз адабиятынын алпы Чыңгыз Айтматов менен “Манас” эпосуна басым жасалып, студенттерге таасир бере турган методикалык көрсөтмө куралдар менен жабдылган.
Андан кийин Догдурбек Чонтоев 6А-окуу имартатынын 3-4-кабаттарындагы оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңыдан ачылган компьютердик класстарды жана 1-кабатта жасалып жаткан окуу залдарын текшерди. Колледждин директору окуу жайдагы видеокөзөмөл камералары 100 пайыз иштеп жаткандыгын маалымдап, быйылкы жылы аткарыла турган иш пландары тууралуу айтып берди. Таанышуу учурунда ректор административдик-чарба иштери боюнча проректорго 6А-окуу имараттын оңдоп-түзөө иштери боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, кабинеттеги капиталдык оңдоп-түзөө иштери кесиптик колледждин эмгек жамаатынын өз күчү менен жүргүзүлүп, мугалимдер тарабынан жасалгаланган.
(С) Кыял Касымбаева – тарбия иштери боюнча директордун орун басары
